Куну айбанат чарбасы

Википедия дан

Куну айбанат чарбасы — мал чарбачылыгынын баалуу тери алуучу тармагы. Негизинен куну айбанаттар — калтар, түлкү, суу күсөн, кемчет, булгун, нутрия ж. б. капаста багылат. Россияда куну айбанаттарды капаста өстүрүү 16—17-кылымдарда башталган. Бирок ал анча өнүккөн эмес, анткени колдо багылган куну айбанат териси жапайыныкынан кымбат турган. СССРде Куну айбанат чарбасы 20-кылымдын 20-жылдарынын аягынан өнүгө баштап, чет өлкөлөргө сатуу үчүн куну айбанат терисин даярдоо боюнча адистештирилген совхоздор (Москва, Архангельск, Тюмень обл-нда) уюштурулган. Чет өлкөлөрдө куну айбанаттарды капасканада өстүрүү 19-кылымдын аягында (Канадада) башталган. АКШ, Дания, Швеция, Норвегия, Финляндия, Канада, Польшада негизинен суу күсөн багуу жакшы өнүккөн. Кыргызстанда атайын куну айыл чарба болбогону менен, куну багуучу жеке фермерлер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]