Куну куту

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Куну куту – орто кылымда кыргыздар сыйынган дин. Негизинен араб-фарси жазма даректеринде «хото» («үй») жана «хуту» («мүйүз») түрүндө кездешет. Бирок анын пайда болушу, мааниси, коомдогу ролу тууралуу кеңири изилдөөлөр жүрө элек. Балыкооздун санжырасында Куну куту огуз (кыргыз, коңурат, жедигер, казак жана башка) уруулары сыйынган нерсе болгон жана ал Ордо (Отор) шаарынын (Кузордо) борб. бөлүгүндөгү бир нече бөлмөдөн салынган атайын имаратта («ажайыпкана») сакталган. Эң түпкү бөлмөгө куту орнотуп, ошого жаткырып коюшкан жана абдан бекем кайтарууга алынган. Худуд ал-Аламда башка өлкөлөрдөн алынып келген белгисиз жаныбардын («ажыдаар» – ар. «шахи-и аждаза») мүйүзү катары көрсөтүлөт. В. В. Бартольд аны түндүк жактан алып келишкен морж же нарвалдын азуу тиши деп болжолдойт. Мухаммед Бекрандын эмгегинде («Жахан-наме») Кытайдан (Кита) чыккан эмирлер Баласагун шаарын басып алгандан баштап, өзүлөрүн «Кита» дегендин ордуна «Куту» деп атап калышкан. Мындан тышкары азыркыга чейин кыргыздар абдан баалуу нерсени «Куну Кутуга тете» деген сөзгө салыштырат, бирок мунун мааниси да али чечмелене элек.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002. Т. 1.
  • Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9