Мазмунга өтүү

Курактык өзгөчөлүк

Википедия дан

Курактык өзгөчөлүк – адамдын турмуш жолун мезгилдерге бөлүш-түрүүнүн натыйжасында, анын психикасынын өнүгүү мыйзым ченемдүүлүгүн жеткиликтүү түшүнүү шарты катары каралат. Ар бир куракта инсандын өнүгүүсүндө «жаңы жаралуулар» пайда болот. Мындай жаралуулар, психолог Л. С. Выготский белгилегендей, өнүгүүнүн алгач жетишкендерине таянат. Бул көйгөйлөрдү, психиканын өнүгүү закон ченемдүүлүгүн түшүнүүдө курактык өзгөчөлүк бөлүнүп каралат.

Психолог Л. С. Выготский «Мезгилдерге бөлүштүрүү өнүгүү процессинин мазмунуна негизделет» – деген жобону иштеп чыккан. Анын негизинде курактык мезгилдерге бөлүүнүн эки негизги принциби жатат:
1. Тарыхый принцип;
2. Психиканын иш-аракетте өнүгүү принциби (А. Н. Леонтьев). Бул принциптердин негизинде адам өмүрүн төмөндөгүдөй курактарга бөлүүгө болот (Л. С. Выготский):
1. Ымыркай курак – 1 жашка чейинки мезгил.
2. Алгачкы балалык – 1–2 жаш.
3. Мектеп жашына чейинки курак – 3–6 (7) жаш.
4. Кенже мектеп курагы – 7–11 жаш.
5. Өспүрүм курак – 11–15 жаш кыздар; 12–15 жаш балдар.
6. Жогорку класстын окуучулары (кыргыздар: боз улан жана бийкеч деп да бөлгөн) – 15–17 жаш.
7. Жетилген курак.

Л. С. Выготскийдин окуусунун негизинде Д. Б. Эльконин курактык өзгөчөлүктүн үч белгисин: өнүгүүдөгү социалдык кырдаал, негизги иш-аракет жана ар бир курактагы жаңы жаралууларды бөлүп көрсөткөн. Ал мамиленин эки системасы: «баланын – заттар менен аракеттенүүсү», «чоң киши баланын инсандык калыптанышынын шарты» – деген. Мындай мамилелердин тутумун бала иш-аракетте өздөштүрөт. Д. Б. Эльконин белгилегендей иш-аракеттин эки тобу баланын психикасынын өнүгүүсүнө таасир этет.

Иш-аракеттин биринчи тобу баланы мамилелердин системасын өздөштүрүүгө багыттайт. Экинчи тобу иш-аракетте, коомдо иштелип чыккан тажрыйбалардын ыгын өздөштүрөт. Мындан курактык өзгөчөлүк, өнүгүүдөгү социалдык жагдай, негизги иш-аракет менен мүнөздөлөт деп айтууга негиз бар. Д. Б. Эльконин белгилеген курактык өзгөчөлүк психологияда кеңири белгилүү жана бир курактан, экинчи куракка өтүүдөгү инсандык жаңы жаралуулар менен түшүндүрүлөт.




Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004