Курбский Андрей Михайлович

Википедия дан

Курбский Авдрей Михайлович (1528-1583) - орустун саясий жаш аскер ишмери, жазуучу-публицист, Ярослав княздарынын тукумунан, 40-50-жылдарда Иван IV Васильевичтин эң жакын адамы болуп, административдик жана аскердик жогорку кызматта иштеген.

Таңдалган радага кирген жана Казан казаттарына (1545-1552) катышкан. Ливониядагы согуштардан кийин падыша Балтика боюңдагы орус армиясынын башчылыгына (1561) дайындаган. Андан соң Юрьевде воевода. 1564-1579-жылдары Иван ГУгө үч послание жиберип, анын катаалдыгын жана ырайымсыздыгын ашкерелеген. Курбский өзү колдогон А. Ф. Адашев өкмөтү кулагандан кийин Юрьевден Литвага качкан. 1573-жылы «Москванын улуу князы жөнүңдө баян» деген саясий памфлет жазып, анда самодержавиенин күчөшүнө каршы ири аристократиянын идеологиясын жактаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4