Кургакчылык

Википедия дан
Кургакчылык.

Кургакчылык — жаан-чачындын жаз, жай мезгилдеринде узак же кыйла убакыт тартыш болушу. Мындай учурда абанын температурасы жогорулап, нымдуулугу төмөндөйт. Топурактын ным кору азайып, өсүмдүктөрдүн өсүмү начарлайт же таптакыр чыкпай калат. Кургакчылык адатта, антициклондун туруктуу болушуна байланыштуу. Кургакчылыкка каршы агротехникалык жана мелиорациялык, кыртышты коргоо, бак-дарак отургузуу ж. б. иш-чараларды жүргүзүү зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]