Кургак-Төр мөңгүсү
Көрүнүш
Кургак-Төр мөңгүсү — Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Чуңкурчак өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Узундугу 6,8 км, аянты 3,2 км2. Мөңгүнүн башы 4520 м, этеги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3870 м. Мөңгүнүн бети (20%ке чейин) морена менен («тили» 1,5 кмге чейин) капталган. Кийинки мезгилде тартылып баратканы байкалат. Мөңгүдөн Чуңкурчактын оң куймасы — Кургак-Төр суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9