Курма

Wikipedia дан

Курма (Diospyoros) — эбендер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Дайыма жашыл же күбүлмө жалбырактуу дарак, бадал. Дүйнөнүн тропик, субтропик алкактарында 500дөй, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү бар. Кадимки курма же Кавказ курмасы (реликт түр) — бийиктиги 15мдей, жалбырагы жөнөкөй, сүйрү, үстүнкү бети күңүрт, жылма. Гүлү бир жыныстуу, майда. Мөмөсү (диаметри 8—16 ммдей) саргыч кызыл, желет. Кургатылган мөмөсүндө 40% кант, 0,5% кислота бар. Бир дарактан 80 кгдай түшүм алынат. Кавказда жана Орто Азияда өсөт. Эгилме түрү да бар. Чыгыш курмасы эки үйлүү (айрымдары бир үйлүү). Мөмөсүндө 25% кант, 1,5% протеин, 0,85% май, 40 мг% С витамини жана темир бар. Япония, Кытайдан тараган. Россияда 19-кылымдан өстүрүлө баштаган. Абхазия, Грузияда, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанда өстүрүлөт. Ар дарактан 250 кгдай түшүм жыйналат. Мөмөсү ичеги-карын (гастрит, колит), аз кандуулук ж. б. ооруларды дарылоодо колдонулат. Виргиния курмасы Түндүк Америкада, КМШ өлкөлөрүндө нымдуу жана кургак субтропик зоналарда өстүрүлөт. Бийиктиги 20—25 мдей, эки үйлүү, жалбырагы сүйрү, мөмөсү тоголок (диаметри 20—50 мм), салм. 25 г, өтө даамдуу. Курамында 40% кант, 0,5% кислота бар. Ар дарактан 300 кгдай түшүм жыйналат. Жыгачы буюм, музыкалык аспап жасоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]