Курманбаев Карачал

Википедия дан

Курманбаев Карачал – акын. Токтогул районунун Толук айылында 1936-жылы туулган.

1953–1959-жж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетинде окуган.

Эмгек жолун Сузак районунун Октябрь айылында врач болуп иштөөдөн баштаган. 1965-жылы Курортология илим-изилдөө институтунун ординатурасында окуп, ошол эле жерде кенже илимий кызматкер, 1971–1979-жж. Кыргыз курорт кеңешинде иштеген.

1980-жылы медицина илимдеринин кандидаты даражасына диссертациясын жактаган. 1981–1986-жж. Кочкор районунун Чолпон айылында иштеп, докторантура үчүн материалдарды чогулткан.

1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Бишкек медициналык борборунда врач болуп иштеген.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физкультура баланын ар тараптан өсүшүнүндө салымы зор. – Ф.: 1971. – 29 б.

Жети-Өгүз курорту: –Ф.: Кыргызстан, 1976.–36 б.

Минералдык сууларды үй шартында пайдалануу. – Ф., 1977. – 16 б.

Аппак тоолор: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 92 б.

Үмүт толкундары: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 73 б.

Катылган кат: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 71 б.

Белегим: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 76 б.

Алты арман: Обондуу ырлар жана армандар. – Б., 1999. – 110 б.

Жүрөк ыргагы: Ырлар. – Б., 2000. – 153 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курорт Джети-Огуз:– Ф.: Кыргызстан, 1976. – 36 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]