Курманбекова Жыпаркан

Википедия дан

Курманбекова Жыпаркан (12. 9. 1956-ж. туулган, Жумгал району, Баш-Кууганды кыштагы) - эмгек ардагери, тажрыйбалуу дасыккан педагог жана жетекчи кызматкер.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1979).
  • Эмгек жолун ошол эле жылы Суусамыр орто мектебинде география мугалими болуп баштаган.
  • Кийинчерээк 2002-05-жылдары тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген.
  • Бишкекте өткөрүлгөн республикалык «Манас» эпосу жана Манастьга осуяты класстык саат номинация конкурсунда эң жакшы методикасы үчүн 4-орунду алган (2000) Суусамыр айыл өкмөтүнүн, облустук жана райондук Ардак грамоталар менен бир нече жолу сыйланган.
  • 2005-жылдан ардактуу эс алууга чыкканына карабастан топтолгон билим-тажрыйбасын окуучуларды тарбиялоого жумшап, учурда да эмгектенип келүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9