Курманбеков Кадырбек

Википедия дан

Курманбеков Кадырбек Өзгөн районунун Кыргызстан айылында 1946-жылы 16-июнда туулган.

Эмгек жолун 1963-жылы “Ийри-Суу” совхозунда трактор айдоочу болуп иштөөдөн баштаган.

1970-жылы Ташкендеги политехникалык институтун аяктап келип, “Ийри-Суу” совхозунда иш жүргүзүүчү болуп иштеген.

1974-жылы Өзгөн ПМКсында начальник ПТО, 1975-жылы Ош обком комсомолунда командир ССО, 1976–1977-жж. Өзгөн райком комсомолунун биринчи катчысы, 1978-жылы Өзгөн № 38 кесиптик-техникалык окуу жайынын директору, 1979–1982-жж. Өзгөн райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1983–1987-жж. Алай районундагы Алан ПМКсынын начальниги болуп иштеген.

1987-жылы “Ийри-Суу” совхозунда, 2004–2009-жж. Чаңгет айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп, пенсияга чыккан.


Жарык көргөн китеби


Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ата журтка арзуу. – Б.: Басма-Тамга, 2008. – 180 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]