Мазмунга өтүү

Курманбеков Оболбек

Википедия дан

Курманбеков Оболбек (26. 10. 1948-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскон айылы) — экономист, экономика илимдеринин доктору (2006), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1987). «Евразия» эл аралык экономикалык академиянын мүчөсү. Финансы, бухг. эсеп, экономикалык талдоо жана аудит маселелери боюнча адис. КМУну (1970), ММУнун аспирантурасын (1978), Бишкек экономикалык университетинин докторантурасын (2004) бүтүргөн. КМУда окутуучу, кафедра башчысы (1970—94), «Дастан» техникалык университетинде декан (1994—97), Бишкек экономикалык университетинде проректор (1997—2002), кафедра башчысы (2004—08), 2009-жылдан БГУда профессор 125тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы бар. Эмгектери: Трансформация финансовой отчётности в условиях перехода к рынку. Б., 2002; Учёт доходов и расходов: теория и практика. Б., 2005; Развития систем бухгалтерского учёта. Б., 2005.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]