Курмандык чалуу

Википедия дан

Курмандык чалуу - үй-бүлөнүн, уруктун, уруунун ата-бабаларына, духтарга, кудайларга карата атайын уюштурулган каада- салт. Байыркы доорлордо курмандык чалуу процессиясын жрецтердин өзгөчө кастасы алып барган. Байыркы кыргыз коомунда бул функцияны бакшы (шаман) алып барган. Курмандык чалынуучу жайлар атайын белгиленип, ыйык деп эсептелген тоонун этегине, булактуу жерлерге, кан жол боюна өткөрүлгөн. Маалыматтар боюнча кыргыздарда ар бир уруунун сыйынган ыйык тоосу, ыйык жаныбары, кушу, дарагы, эн тамгасы болгон. Бул салт энесайлык кыргыздардын урпактары болгон хакас жана туваларда, шорлордо кенен сакталып калган. Курмандыкка жылкы, кой жана башкалар тартылган. Бүгүнкү күндө бул философиялык-диний жөрөлгө «түлөө» деген ат менен да белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]