Курманжан датка ордени

Википедия дан
«Курманжан датка» ордени
Файл:Order Kurmanjan datka.jpg
Өлкө

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Тип

Орден

Статус

ыйгарылат

Статистика
Түзүлгөн күн

2016

Биринчи ыйгарылган

2016

«Курманжан датка» ордени — Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы.Курманжан датка ордени көкүрөктүн сол жагына Манас орденинен кийин тагылат.

Ордендин статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Курманжан датка ордени менен коомдук-саясий иште өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, Кыргыз Республикасынын элинин каада-салттарын чыңдоого, өсүп келе жаткан муунду өз мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы бар жарандар сыйланат.
  • Курманжан датка ордени менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.
  • Курманжан датка ордени көкүрөктүн сол жагына Манас орденинен кийин тагылат.

Ордендин сыпатталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Курманжан Датка” ордени туура жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз. Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот[1]. Ордендин ортосунда улуттук оюусу бар алкак менен жээктелген, сыртына капталган тегеректе, – түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар. Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөн жагында “Курманжан Датка” деген жазуу бар. Улуттук оюу жана “Курманжан Датка” деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтындын буусу менен капталат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат. Улуттук оюу жана цирконий таштары менен кооздолгон жети бурчтуу күмүш пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын аралыгында алтындын буусу менен капталган жети шоола чыгып турат. Алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыздын диаметри 60 мм, сыртына капталган тегеректики 34 мм. “Курманжан Датка” орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө ордендин катар номери чегилет, төөнөгүч түрүндөгү таккычы бар.

Орден менен сыйланган инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз Республикасында “Курманжан датка ордени жөнүндө" жарлыкка кол коюлду (кырг.)