Курманова Айшаке

Википедия дан

Курманова Айшаке – акын. Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу облусунун Ак-Чий районундагы Кара-Булак айылында 1946-жылы 7-ноябрда туулган. 1949-жылы Кыргызстанга көчүп келишкен.

1964-жылы Ат-Башы районунун Ленин орто мектебин бүтүрүп, райком комсомолдун көрсөтмөсү менен ошол эле мектептин улуу пионер вожатыйы болуп иштеп калган.

1969-1994-жж. «Кыргызстандын агитатору жана пропагандисти», «Чалкан» журналында корректор болуп эмгектенген. 1996-жылдан пенсияда.

1962-жылы «Өнөрүң болсо өргө чап» деген аңгемеси «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланып, кийин макалалары республикалык гезит беттеринде жарык көрүп турган.

«Эненин арманы», «Сыр түйүнү», «Баланын арманы», «Ашыгып оо замандаш кайда чаптык?» ж.б. ырларына обончулар тарабынан обондор чыгарылып, Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.

1984-жылы «Учкун» альманахына, 1991-жылы «Кыз бурак», 1993-жылы «Шапалак» ырлар жыйнактарына ырлары жарыяланган.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көңүл көктөмү: Ырлар. 1-китеп. – Б.: Бийиктик, 2005. – 224 б.

Көңүл көктөмү: Ырлар. 2-китеп. – Б.: Бийиктик, 2008. – 329 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]