Зайнидин Курманов

Wikipedia дан
(Курманов, Зайнидин Карпекович барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Кыргыз тарыхчысы, профессор Зайнидин Курманов. 11.5.2012.

Зайнидин Карпекович Курманов (1955-ж. 3-июнда т., Бишкек ш.) – заманбап кыргыз тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору (1997), профессор (2000), Кыргыз Республиканын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2002), Кыргызстандагы белгилүүү саясатчы жана коомдук ишмер, Жогорку Кенешинин төрагасы (2009-2010). Учурда Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Зайнидин Карпек уулу Курманов 1955-жылы 3-июнда Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте окумуштуунун үй-бүлөсүндө туулган. Ата-теги Нарын жергесиндеги Жумгал өрөөнүнөн болот.

Атасы Карпек Шамсединович Курманов – белгилүү укук адиси, профессор, юридика илиминин доктору, Кыргызстан илимине эмгек сиңирген ишмер. Энеси – Анипа Курманова, юрист, юрисконсульт кызматында КР байланыш министрлигинин аппаратында коп жылы иштеген, азыркы заманда - пенсионер.

Зайнидиндин уулусу – Ильяс Курманов,саясий илимдин кандидаты (2013); кызы – Курманова Малика, укук илиминин кандидаты (2009).

Зайнидин Карпекович Курманов Бишкекте орус тилиндеги № 6 орто мектепте таалим алган.

1972-жылы Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетине тапшырып, 1975-жылдын июлуна чейин бир нече жыл Бишкекте окуган.

1975-жылы сентябрда Зайнидин Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербургдагы) Ленинград Мамлекеттик университетине которулган.

1978-жылы Орусияда Ленинград Мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

1978-79-жылдары Казакстандагы Караганда Мамлекеттик Медициналык институтунда илимий коммунизм жана КПСС тарыхы кафедрасында окутуучу болуп иштеген.

1979-82-жылдары Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик архивинде архивист жана улуу архивист, андан соң бөлүм башчысы кызматтарында иштеген.

1982-1985-жж. Москва шаарында СССР ИАсынын Тарых институтунда күндүзгү аспирантурада окуган.

1985-86-жылдары Кыргызстан ИАнын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер болгон.

1986-91-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда КПСС тарыхы кафедрасында (кийинки ХХ кылымдын саясий тарыхы кафедрасында) окутуучу болуп иштеген.

1992-жылы Бишкектеги Милициянын жогорку мектебинде улук окутуучу болгон.

1992-94-жылдары И.Арабаев атын. Кыргыз мамл. пед. институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин) ректору болгон.

1994-96-жылдары ошол эле окуу жайда Атажурт тарыхы кафедрасында күндүзгү доктрант болгон.

1996-жылы КМУУнун юридика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Ошол эле жылы докторантураны да аяктаган. Илимий жетекчиси – профессор Трукан Герман Антонович жана Чынара Шаршеевна Жакыпова.

1996-97-жылдары «Кыргыз инвестиция-финансы корпорациясы» департаментинин директору болуп иштеген.

1997-2000-жылдары Бишкектеги Кыргыз-Россия (Славян) университетинин юридика (укук) факультетинин профессору болгон.

2000-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон жана "Оң Ордо" фракциясын жетектеген.

1998-2007-жылдары “Менин өлкөм” партиясынын жана 2007-2010-жылдары “Ак Жол” партиясынын мүчөсү болгон.

2005-2007-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы парламенттик долбоорунда кеңешчи болуп иштеген. Ошол эле мезгилде КУУнун Эл аралык мамилелер факультетинде профессор болуп иштеген.

2007-жылдан 2010-жылдын апрелине чейин - Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төртүнчө чакырылышынын депутаты болгон. 2007-09-жылдары ЖКнын Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетин жетектеген.

Зайнидин Курманов 2009-жылдын 24-декабрынан 2010-жылдын 6 июнга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

2010-жылдын сентябрынан тартып Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин Укук факультетинин профессору болуп иштеп келет.

2010-жылдын апрелинен тартып бир эле учурда Дипломатиялык академиянын Дүйнөлүк саясат жана эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы болуп иштеп келет.

2012-жылдын декабрынан тартып Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы болуп иштеп келе жатат.

Тарыхчы жана педагог[оңдоо | булагын оңдоо]

Илимий жетекчи катары 6 кандидатты жана 2 докторду даярдаган.

1000ден ашуун гезиттик-популярдык эмгектердин автору.

Анын эмгектери негизинен Кыргызстандын ХХ кылымдын башындагы тарыхын, укук жана эларалык маселелерин изилдөөгө багытталган.

200дөн ашык ил. эмгектердин, а.и. 34 монография, окуу китептеринин автору.

Билим өркүндөтүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тарыхчылары Абдрасул Исаков менен Зайнидин Курманов Мармара университетинде. Стамбул, Түркия. 11.5.2012.

1982-1985-жж. Москва шаарында СССР ИАсынын Тарых институтунда күндүзгү аспирантурада окуган. Илимий жетекчиси – т.и.д., профессор Трукан Герман Антонович.

1996-жылы КМУУнун юридика факультетин сырттан окуп бүтүргөн. Ошол эле жылы КУУда докторантураны да аяктаган. Илимий жетекчиси – профессор Чынара Шаршеевна Жакыпова. Доктордук ишин 1997-жылы Бишкекте орус тилинде жактаган.

2001-жылы Германиядагы Бавария жергесинде Гармиш-Партенкирхен шаарчасында АКШнын Жорж Маршалл атн. Борб. Аскер коллежин бүтүргөн.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөлүү.

Эки баласы бар: уулу Курманов Ильяс Зайнидинович жана кызы Курманова Малика Зайнидиновна.

Зайнидин Курмановдун атасы Карпек жана энеси Анипа. 1960-жыл. Кыргызстан.

Атасы - Карпек Курманов, энеси - Анипа Шүкүрбек кызы (азыркы тегаты - Курманова). Экөө тең юрист. Алар 1953-жылы баш кошкон.

Карпек жана Анипа Курмановдордун эки уулу (Айдар, 1954, Зайнидин, 1955) жана бир кызы (Гүлнара, 1960), неберелери бар.

Зайнидиндин агасы Айдар Курманов - юридика илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз мамлекеттик укук академиясында кафедра башчысы болуп иштейт.

Зайнидиндин карындашы Гүлнара (Гульнара) Курманова - М.Ломоносов атындагы ММУну кызыл диплом менен бүтүргөн. Бишкектеги Ленин райондук сотунда сот (судья) болуп иштеген, азыр Казакстанда, Алматы шаарында жашайт.

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

2002-жылы - Кыргыз Респ-нын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери

2002 -жылы - Кыргыз Респ-нын 2-даражадагы мамлекеттик кенешчиси

2008-жылы Мустафа Кемаль Ататүрк эларалык фондунун алтын медалы менен сыйланган

2009-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган

2009-жылы Кыргыз мамлекетинин кызматынын отличниги

2009-жылы "Жогорку Кенешине 70 жыл" медалы менен сыйланган

2009-жылы МПА СНГ ардактуу грамотасы менен сыйланган

2011-жылы - Казакстандын Тарых жана коом таануу академиясынын академиги

2012-жылы "Казакстандын галым онугуу учун" медалы менен сыйланган

Эмгектеринин тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Курманов З. К., Пушкарева А.М., Бактыгулов Дж.С., Курманова Б.Ш. ж.б. Разгром контрреволюционных сил Кыргызстана в годы гражданской войны и иностранной интервенции (1918-1920 гг.).Сб. док. Фрунзе: Илим, 1984. 518 б.
  • Курманов З. К., Бегалиев С.И., Самсонов В.Д. Постановления сессий ЦИК Киргизии (1927-1938 гг.). Сб. док. Фрунзе: Кыргызстан, 1986. 326 б.
  • Курманов З. К., Бегалиев С.И. Под знаменем Великого Октября. Фрунзе: Знание, 1987. 45 б.
  • Курманов З. К., Бегалиев С.И., Семенов В.Е. ж.б. Тридцать седьмой год в Киргизии (Возвращенные имена). Фрунзе: Кыргызстан, 1991. 253 б.
  • Курманов З. К. Борьба политических элит Кыргызстана в период возрождения национальной государственности кыргызского народа: (1917–1927 гг.): Автореф. дисс. … д-ра ист. наук. Бишкек,1997. 48 б.
  • Курманов З. К. Всекиргизские съезды советов: подготовка, состав, работа: (1925–1937 гг.): Автореф. дис. … канд. ист. наук. Бишкек, 1991. 25 б.
  • Курманов З. К., Плоских В.М., Бегалиев С.И., Ногойбаева Ч., Сорокина З. Абдыкерим Сыдыков - национальный лидер. Бишкек: Кыргызстан,1992. 181 б.
  • Курманов З. К., Плоских В.М., Джунушалиев Дж.Дж., Бегалиев С.И. ж.б. Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового исторического осмысления.- Бишкек: Илим,1994.
  • Курманов З. К., Чикеева З. Ч., Галиева З. И. ж.б. Права человека: Теория и практика (Под общ. ред. Л. Ч. Сыдыковой; Рук. авт. коллектива Б. Н. Малабаев). Бишкек: КРСУ,1998. 289 б.
  • Курманов З. К., Плоских В.М., Джунушалиев Дж.Дж. ж.б. У истоков кыргызской национальной государственности. Бишкек: Илим, 1997. 383 б.
  • Курманов З. К.Политическая борьба в Кыргызстане: 20-е годы. Бишкек: Илим,1997. 290 б.
  • Курманов З., Джакупова Г. Парламентаризм в Кыргызстане: первый опыт. Бишкек: Полиглот, 1998.
  • Курманов З. К. Кыргыз улуттук лидери Абдыкерим Сыдыков: доор, инсан, тагдыр. Бишкек: Илим, 1998.
  • Курманов З. К., Маанаев Э.Ж., Курумбаева Г. Национальная интеллигенция Кыргызстана периода своего становления: общественно- политическая роль, судьба. Бишкек,2000.
  • Курманов З. К., Сыдыкова Л.Ч., ж.б. Уголовное право Кыргызской Республики. Ч.Особенная. Бишкек, 2000
  • Курманов З., Садыков Э. Абдыкерим Сыдыков: Личность и история. Бишкек: Шам,2002. 228 б.
  • Курманов З. К., Плоских В.М., Джунушалиев Дж.Дж. А.Сыдыков, Ю.Абдрахманов. Бишкек: Шам,2003
  • Курманов З. К.Национальная интеллигенция 20-30 годов: вклад в возрождение государственности кыргызского народа и борьбу с тоталитарно-авторитарным режимом. Бишкек: 2005. 378 б.
  • Курманов З., Усупашвили Д., Домбровский М. ж.б. Кыргызстан на новом этапе развития. Бишкек: ПРООН, 2005
  • Курманов З., Тологонов Р. Социалистическая идея в Кыргызстане: прошлое, настоящее, перспективы. Бишкек: 2006. 144 б.
  • Курманов З., Айтматов Ч., Сатпаев Д., Сиражиддинов Н., Шарипов С. ж.б. Центральная Азия: собственный взгляд (Zentralasien: eine innenansicht /Под ред.д-ра Райнхарда Крумма. Бишкек, Астана, Ташкент, Душанбе: 2006. 498 б.
  • Курманов З., Тологонов Р. Инобытие нравственности или этическая сублимация. Бишкек: 2006.
  • Курманов З., Богатырев В., Абылгазиева А., Горборукова Г. История и идентичность: Кыргызская Республика (Geschichte und Identitat: Kirgisische Republik) /Под общ. ред. проф., д-ра Вульфа Лапинса. Бишкек, 2007. 273 б.
  • Курманов З., Маматкеримова Г., Джигитеков К., ж.б. Жогорку Кенеш: презентация для граждан. Бишкек, 2007. 48 б.
  • Курманов З., Илибезова Э., Маматкеримова Г., ж.б. Парламент и избиратели (Результаты национального опроса апрель-май 2007). Бишкек, 2007. 48 б.
  • Курманов З.К., Элебаева А.Б., Макаров А.В., ж.б. Граждановедение. Учебное пособие для студентов вузов КР /Под общ. ред. Фаттаховой А.Ш. Бишкек, 2011. 204 б.
  • Курманов З.К., Суюнбаев М.Н. ж.б. Актуальные проблемы внешней и внутренней политики Кыргызстана /Под ред. Искаковой Ч.Д. Бишкек, 2011. 76 б.
  • Курманов З., Илибезова Э., Бердикеев С., Байназаров И. Жогорку Кенеш: вопросы эффективности и прозрачности. Бишкек, 2012. 104 б.
  • Курманов З.К. Первый. Научно-популярное издание. Санкт-Петербург: ИПЦ СЗИУ РАНХиГС, 2014. 208 б.
  • Курманов З.К. Пособие для политических партий по правовым основам участия в выборах и партийному строительству. Бишкек, 2014. 162 б.
  • Курманов З.К. "Дело" Алымкула Джакшылыкова: преступление, которого не было. Бишкек,2015. - 287 б.
  • Курманов З.К. Ахматбек Суюмбаев: штрихи к политическому портрету IX премьера. Бишкек,2015. - 237 с.

Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 б.
  • Кыргыз тарыхы. Кыскача энциклопедия. Бишкек: 2003. - Б.126.
  • Малеванная Д. Зайнидин Курманов: философствующий скиф / МСН - 2006. - 20 окт.
  • Орлов Д. Зайнидин КУРМАНОВ: Хочу прожить не зря /МСН - 2010. - 5 фев.
  • Тулиндиева Ж. Зайнидин Курманов: «Бояться кыргызов не надо, мы не кусаемся» /Мегаполис. - Алматы. - 2010. - 3 окт.
  • Оторбаева А. “Я либерал, как и мой отец...”/Вечерний Бишкек - 2000. - 31 марта.
  • Тулиндиева Ж. Зайнидин КУРМАНОВ: Мы поставили себе ложную цель – права человека /Мегаполис. - Алматы. - 2012. - 22 окт.
  • Тынаев А. Между Казахстаном и Кыргызстаном нет таких сфер, где бы не было общих интересов / Литер. - Алматы. - 2010. - 27 янв.
  • Темир Э. Исхак МАСАЛИЕВ:Неважно, кто стоит у власти. Важно, как нами рулят / Вечерний Бишкек - 2010. - 18 янв.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]