Курманов, Таалай

Википедия дан

Курманов, Таалай (1949-ж. төрөлгөн, Чүй району, Талды-Булак айылы) – сүрөтчү, графикачы. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. 1968-ж. Фрунзедеги сүрөт өнөр окуу жайын. 1976-ж. Ленинграддагы В. И. Мухина атындагы жогорку көркөм-өнөр жай окуу жайын бүтүргөн. 1971-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн активдүү катышуучусу. 1976–1998-ж. Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун көркөм сүрөт фондунда эмгектенген. 1988–89-ж. “Кыргызстан” басмасында башкы сүрөтчү, 1998-жылдан Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун председатели. К-дун чыгармачылыгы универсалдуулугу жана көп кырдуулугу менен айырмаланып, сүрөт өнөрүнүн живопись, станоктук графика, плакат, дизайн тармактарында бирдей өнүккөн. К. о. эле китеп графикасында да жемиштүү эмгектенип, Р. Киплинг, Д. Дефо, Н. В. Гоголь, К. Жантөшев, А. Тыныбеков, Ч. Айтматовдун чыгармаларын жана “Эр Төштүк”, “Жаңыл мырза”, “Кожожаш” кичи эпосторун иллюстрациялаган. К-дун чыгармачылыгында “Манас” эпосунун темасы өзгөчө орунду ээлейт. К. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча “Манас” эпосунун 5 томдук чыгарылышын иллюстрациялаган. К. Бишкектин борбордук аянтындагы жасалгалоолордун эскиздеринин, календарлардын, открыткалардын, “Манас” аэропортунун росписинин автору. К-дун эмгектери Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, жеке менчик коллекцияларда, чет өлкөлөрдө сакталууда. К. Белек Жумабаев атындагы сыйлыгы (1988), Абай Кунанбаев атындагы сыйлыгы (1989), Г. Айтиев атындагы сыйлыгы (1990), ЮНЕСКОнун дипломунун (2000), “Мыкты кыргыз китеби” (2002) дипломунун ээси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]