Мазмунга өтүү

Куров Василий Иванович

Википедия дан

Куров Василий Иванович (16. 11. 1915, Саратов облусу, Новоузенск шаары — 17. 11. 1994, ошол эле жер) — Даңк орденинин толук кавалери. Армияга 1941-жылы октябрда Өзгөн шаарынан чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 3-Украин, 1-Беларус фронтторунда зениттик пулемётчулар бөлүмчөсүнүн командири. Украинаны, Польшаны душмандан бошотууга, Берлин салгылашына катышкан. 1944-жылы 21-июлда дивизиянын алга жылышына тоскоол болгон душмандын бомбардировщигин атып түшүрүп, 3-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган (21. 8. 1944). Кицербург шаарын бошотууда 6 фашистти туткундап, душмандын чалгындоочу самолётун жок кылганы үчүн 2-даражадагы Даңк орденин (17. 3.1945), Берлинди алууда 11 фашистти туткундаганы үчүн 1-даражадагы Даңк орденин алган (15. 5. 1945). Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]