Курсак буттуулар

Википедия дан
Helix aspersa.
Placida cremoniana (Капчыктилдер).

Курсак буттуулар, үлүлдөр (лат. Gastropoda) — раковиналуу молюскалардын саны өтө көп жана ар түрдүү классы. Денеси ассиметриялуу, баш жана тулкудан турат. Башында оозу, 1—2 тинтүүрү, алардын учунда же түбүндө көздөрү жайгашкан. Оозунда 2—17 миңге чейин майда тиши бар. Боору менен жылат, жалпак курсагы буттун кызматын аткарат. Коркунучту сезгенде, денесин раковинага катып алат.

Раковинасынын формасы конустай, чыгырыктай, жалпак табактай. Сууда жашоочулары бакалоору менен, кургактагылары өпкөсү менен дем алат. Нерв түйүндөрү диффузия түйүндүү типте. Тең салмагын кармай турган жана химиялык затты сезгич органдары бар.

Айрым жыныстуу же гермафродиттер. Уруктануусу ички, гермафродиттердики кайчылаш өтөт. Өөрчүүсү түз же планктондук личинка стадиясы аркылуу жүрөт. Үч классчасы (алдынкы бакалоордуулар, арткы бакалоордуулар жана өпкөлүүлөр), 90 миңдей түрү бүт жер жүзүнө тараган. КМШ өлкөлөрүндө 2000дей түрү бар, тропик деңиз жээктеринде көп кезигет. Кургакта, тузсуз сууда жашагандары боору менен жылат, бир азы басат, деңизде жашоочулары сүзүп жана секирип жүрүшөт. Кээ бир деңизде жашоочу түрү уулуу. Көпчүлүк континенттик түрлөрү гельминттердин аралык ээси болуп эсептелет. Өсүмдүк жечүлөрү, жырткыч жана мителери да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]