Курск кум-шагыл кени
Курск кум-шагыл кени Ысык-Көл районунда, Чолпоната шаарынан 10 км батышта, Чоңкойсуу өзөнүнүн жээгинде, деңиз деңгээлинен 1640–1740 м бийиктикте. 1971-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөкмө тектер түзөт. Пайдалуу кум-шагыл катмары аллювий–пролювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Чоң Койсуу өзөнүн бойлой линза сымал жайгашкан. Калыңдыгы 100 мге чейин, изилденген калыңдыгы 7,6–10,7 м. Шагыл гранит, гранит-сиенит, эффузия, диорит жана метаморфизмделген тоотектердин сыныктарынан турат. Шагыл (20 ммден кесеги) 65%, кум (5 ммден майдасы) 29%. Кум орточо жана ири бүртүкчөлүү келип, кварц жана талаа шпатынан турат, кесектик модулу 2,56, арасында чаң 9%. Мындагы шагыл майдаланып, иргелген соң, кум жуулгандан кийин "300" маркасындагы бетон даярдоого жарактуу. Запасы А+В категориясы боюнча 1911 миң м2, С1– 3879 млн м3. Ачык карьерден казып алууга болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7