Курск магнит аномалиясы (КМА)

Википедия дан

Курск магнит аномалиясы (КМА) — Россиядагы ири темир кени орун алган аймак. Курск, Белград, Орёл облусунун аймагында жайгашкан. Узундугу түштүк-чыгыштан түндүк-батышка 600 кмдей созулат, туурасы 150—250 км. Аянты 120 миң км2. 18-кылымдын аягында академик П. Б. Иноходцев тапкан. 1919-жылы системалык түрдө изилдене баштаган. КМА Чыгыш Европа платформасындагы Воронеж антеклизасында жатат. Анын астынкы бөлүгү фундаменти кембрийге чейинки кристаллдык тектерден, үстү чөкмө тектердин калың катмарынан турат. Темир кенташы 60—550 м тереңдикте, линза сыяктуу чөгүндүлөрдүн Узундугу 3,530 км, туурасы 100—3000 м жана калыңдыгы 9дан 100—120 мге чейинки кристаллдуу фундаменттин үстүндө жатат. Кенташ бай жана жарды болуп бөлүнөт. Жарды кенташ темирлүү кварциттен турат да, калыңдыгы бир нече мден 700 мге жетет. Курамында магнетит, магнетитгематит, гематит кездешет. Темир 32—38,8% болот. Бай кенташ темирлүү кварциттин байыркы замандагы талкаланган аймагына байланышкан. Курамында мартит, темир слюдасы, лимонит, сидерит жолугат. Темир 53,661,6%ке жетет. КМАдагы темир кенташынын жалпы баланстык запасы 44,6 млрд тонна. Анын ичинде жогорку сапаттагы бай кенташ 20,1 млрд тонна, темирлүү кварцит 28,5 млрд т(1970). Кен 1952-жылдан ачык казылып алына баштаган. Аны Липецк, Тула, Донбасс металлургия заводдоруна жөнөтүп турат. 1972-жылы 20,5 млн тонна темир кен ташы өндүрүлгөн. Ири кендери (чалгындалган запасы млн тонна): Михайлов (8691), Стойлен (5464), Лебедин (3785), Гостищев (2595), Стойло-Лебедин (2342), Коробков (2071) ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]