Курт-кумурска жечүлөр

Википедия дан

Курт-кумурска жечүлөр (Insectivora) — сүт эмүүчү жаныбарлардын түркүмү. Узундугу 3 смден (кидик күрөң тиш, кидик ак тиш) 39 смге жетет. Башы сүйрү, тумшугу узун, көзү кичине. Жүнү кыска, өңү боз, кара, чанда темгилдүү, кай бириники кылдуу же тикендүү (кирпилер). Көпчүлүгү басып жүрөт, буттары, куйругу кыска, беш манжалуу же узун. Тиштери начар бөлүнгөн. Жыт сезүү органдары жакшы өөрчүгөн. Жер жүзүндө 7 тукуму, КМШ өлкөлөрүндө 3 тукуму: кирпи сымалдар, көр чычкандар жана жер чукуурлар кездешет. Көбүнчө омурткасыздарды, майда омурткалууларды жейт. Жылына 2—3 жолу төлдөйт. Алардын ичинде териси баалуулары жана жугуштуу оору таратуучулары бар. Көпчүлүк түрү азыгын күүгүмдө издейт. Айыл жана токой чарбасына зыян келтирүүчү омурткасыздарды кырып пайда алып келет. 8 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]