Курт Воннегут

Википедия дан
Курт Воннегут (1972).

Курт Воннегут (англ. Kurt Vonnegut; 1922-жыл 11-ноябрь — 2007-жыл 11-апрель) — америкалык жазуучу. 50 жылдан ашуун убакытка созулган карьерасында Воннегут 14 роман, үч кыска окуя жыйнагын, беш пьеса жана беш нон-фикшн эмгек жараткан. Ал өзүнүн "Бешинчи кушкана" (англ. Slaughterhouse-Five, 1969) аттуу үрөй учурган сатиралык, бестселлер романы менен белгилүү болгон.

Индиананын Индианаполис жергесинде туулуп өскөн Воннегут Корнелл университетине тапшырып, 1943-жылы январында Америка Кошмо Штаттарынын армиясына кызмат өтөп кеткендиктен окуусун таштап койгон. Ал окуусунун бир бөлүгү катары Карнеги технологиялык институтунда (азыркы Карнеги Меллон университети) жана Теннесси университетинде механикалык инженерия боюнча билим алган. Кийин аны Экинчи дүйнөлүк согушта Европага алып кетишип, ал "Арден операциясы" маалында немистер тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал Дрездендеги эт комбинатынын муздаткычына камалып, шаардагы Биргелешкен бомбалоодо аман калган. Согуш бүткөндөн кийин Воннегут Жейн Мери Кокс менен үйлөнүп, үч балалуу болушкан. Андан кийин рак оорусунан каза болуп калган эжесинин жана анын күйөөсү поезд кырсыгынан набыт болгондон кийин алардын үч уулун асырап алган.

Воннегут алгачкы романы, "Механикалык пианинону" (англ. Player Piano) 1952-жылы басып чыгарган. Романга карата оң ой-пикирлер айтылганы менен бирок коммерциялык жактан ийгиликтүү болгон эмес. Андан кийин дээрлик 20 жыл ичинде Воннегут "Мышыктын бешиги" (англ. Cat's Cradle, 1963) жана "Розуотер мырза, сизди теңир жалгасын" (англ. God Bless You, Mr. Rosewater, 1964) сыяктуу бир нече романдарды жазып, алар бир аз гана ийгиликтүү боло алган. Ошентсе да Воннегуттун көрүнүктүү чыгармасы заматта анын алтынчы романы "Бешинчи кушкана" болуп калган. Китептин согушка каршы маанайы Ветнам согушу жүрүп жаткан учурда окурмандардын арасында резонанс жаратып, ага карата жалпысынан оң сын-пикирлер айтылган. "Бешинчи кушкана" жарык көргөндөн кийин The New York Times гезитинин бестселлер тизмесине кирип, Воннегутту белгилүүлүккө сүрөп чыккан. Ал өлкө ичинде эл алдында сөз сүйлөөгө, лекцияларды окууга жана бүтүрүүчүлөрдүн кечесинде куттук айтууга чакырылып, көптөгөн сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды алган.

Кийинчерээк өз карьерасында Воннегут "Өлүмдөн да жаман тагдырлар" (англ. Fates Worse Than Death, 1991) жана "Мекенсиз киши" (англ. A Man Without a Country, 2005) сыяктуу бир нече автобиографиялык жана кыскача аңгемелер жыйнагын чыгарган. Көзү өткөндөн кийин ал өзү жашаган коомдогу аябай күлкүлүү баяндамачы жана азыркы эң чоң жазуучулардын бири катары бааланган. Воннегуттун уулу Марк атасынын жарыяланбаган чыгармаларын "Ретроспективадагы Армагеддон" аттуу жыйнак менен басып чыгарган. Көптөгөн илимий эмгектерде Воннегуттун китептери жана тамашасы изилденген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]