Курутегерек жез кени

Википедия дан

Курутегерек жез кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Сандалаш кырка тоосунун түндүк капталында, Курутегерек суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2500–3100 м бийиктикте. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1964–66-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын Таш-Көмүр мезгилинин башталышында пайда болгон, калыңдыгы 1250 мге жеткен мрамор, мраморлошкон акиташ тектери түзөт. Алар бүктөлүүлөргө дуушарланып, ири синклиналды түзүп жатат. Акиташ тегин кварцтуу диорит жана кварцтуу диорит-порфирдин шток сымал кичирээк интрузиялары жиреп чыккан. Руда тулкулары акиташ тегинин интрузия менен кошулган жерлериндеги скарн кабаттарында жайгашкан. Алар линза жана тарамча түрүндө калыптанган. Минералдык курамы ар түрдүү. Негизги минералдары: магнетит, пирит, пирротин, халькопирит, нукура алтын, жез ж. б. Рудадагы пайдалуу компоненттердин өлчөмү: жездики 1,02–1,08%, алтындыкы 2,2 –5,3 г/т, күмүштүкү 0,35–180 г/т, платинаныкы 0,00011–0,5 г/т, ренийдики 0,5–5 г/т. Запасы С1 жана С2 категориясы боюнча жездики 319,2 миң т, алтындыкы –30 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]