Куруштурма заттар

Википедия дан

Куруштурма заттар былжыр челдеги сезгенүү процессин азайтып, ооруну басаңдатат. Куруштурма заттарды былжыр челдерге таасир эткенде белокторду чөктүрүп, былжыр челдин үстүңкү катмарын катырат. Анын натыйжасында пайда болгон катуу белоктуу чел ткань менен сезгич нерв талчаларын түрдүү дүүлүктүргүч заттардын таасиринен сактайт.

Куруштурма заттар өсүмдүк тектүү жана органикалык эмес болуп эки топко бөлүнөт. Биринчи тобуна танин жана танинге окшош заттар кирет. Алар көп өсүмдүктөрдө (чай, эмен жана башка) болот. Таниндин эритмеси жана эмендин маңызы ооз көңдөйүнүн былжыр чели сезгенгенде чайкоого, түрдүү жараларга сыйпоого колдонулат. Экинчи тобуна ксероформ, дерматол, алюминий калийлүү ачык таш жана башка кирет. Алар сыртынан сыйпоого дары майы, эң майда күкүм түрүндө же чайкоого, жууганга колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8