Мазмунга өтүү

Курчуткуч станок

Википедия дан

Курчуткуч станок — кесүүчү аспаптарды жылмалап курчутуп, калыбына келтиргич. Тилкелүү, дисктүү жана тасмалуу араа, жонуучу бычак, фреза, ар кандай бургуларды жана кол аспаптарын курчутууда кеңири колдонулат. Кесүүчү аспап катары абразивдүү (кумдуу, карборунддуу, корунддуу ж. б.) курчуткуч тегерек кайрактар жана айрым учурда өгөө пайдаланылат. Курчуткуч станоктор кол менен кыймылга келүүчү жана татаал автоматтык станокко чейин ар түрдүү болот. Конструкциясы боюнча столго орнотулган, өзүнчө станинада бекитилме, ташылып жүрмө, универсалдуу болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]