Кутуев Кушубак

Википедия дан

Кутуев Кушубак (1895, Суусамыр өрөөнү -1980, ошол эле жер) - алгачкы жетекчи кызматкер, Совет бийлигин чыңдоочулардан.

  • 1927-ж. Тескейде Кургак-Кайкы жайлоосунда Кыргызстандагы 1-жайлоо кеңеши өткөзүлүп, аны көрүнүктүү партиялык ишмер Абдыкадыр Орозбеков башкарган.
  • Ал жыйында К. Кутуев Жайлоо кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.
  • 1929-ж. артель уюштурулуп, анда ал кызматчы, 1930-37-жылдары Суусамырдагы 1-Май айыл кеңешинде алгачкы төрага болуп эмгектенген.
  • 1937-ж. репрессияга кабылып, Нарын түрмөсүндө жатып, 1938-жылдын аягында чыккан.
  • 1939-42-жылдары Жумгал районундагы «Кайырма» колхозунда, 1942-43-жылдары Суусамырдагы «Үлгү» колхозунда башкарма, 1943-50-жылдары 1-Май айыл кеңешинин төрагасы, 195053-жылдары «Кызыл-Ой» колхозунун башкармасы болуп иштеген.
  • Токтогон уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9