Кууганды, Талас району
Көрүнүш
Кууганды, Талас району — Талас районундагы кыштак. Кууганды айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1650 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 45 км. Жамбыл темир жол станциясынан 145 км. Калкы 2341 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Дарыкана, ФАП иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9