Куу Кулжа

Википедия дан

Куу Кулжа — кытай, калмактардын чегин кайтарган кароолчу жандыктарынын бири (к. Кароолчу жандыктар). «Манас», эпосунун , «Семетей» бөлүмдөрүндө салттык түрдө айтылып, жоо тараптын сыйкырдуу жардамчыларынын милдетин аткарат. «Манас» эпосунун сүрөттөөсү боюнча К. к. сыйкырдын жардамы менен иштетилген магиялык касиеттеги жандыктардын бири катарында көрсөтүлөт:

Тогуз жолдун тоомунда,

Кырк бөрү койдун чаркына,

Үзгүлтүк тоонун урчукка,

Үңүрөйгөн тумшукка,

Как суунун четине,

Каспаң тоонун бетине

Кулжаны кабар койду дейт (Саякбай Каралаев, 1. 165).

Кытай, калмак чек арасын кайтарып турган, кишиден кыйын акылдуу К. к-ны жеңүү жан-жаныбарлардын куулук-шумдугун, тилин, сырын билген Алмамбеттин гана колунан келет.

Ошондуктан ал «Чоң казат» эпизодунда кытай чек арасына чалгындап барган Алмамбет, Сыргак тарабынан ажал табат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4