Куу жерлер

Википедия дан

Куу жерлер — тоо этектериндеги же жапыз бөксө тоолуу аймактардагы (кээде орто бийик жана бийик тоолордо кездешет) кокту-колоттор, жарлар менен баш аламан тилмеленген, аң-дөңдүү, рельефи татаал жайдак жерлер. Кыртышы суу өткөрбөөчү чополуу, кумайлуу тектерден турган мындай жерлерге жаанчачын нөшөрлөп жааганда, жердин үстүнкү бетин жууй берип, кокту-колот, жарларга айлантып жиберет. Мындай жерлерге чөп аз чыгат. Көбүнчө жарым чөлдүү жана тоо арасындагы каксоо жерлерде көп кездешет. Кыргызстанда Ат-Башы, Ысык-Көл (батышы), Нарын (Байгөнчөк, Акислотал) ойдуңдарында, Фергана ойдуңунун өндүрлөрүндө кездешет. Мындай жерлер эл аралык адабияттарда чап, бедленд деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]