Куу өрдөк

Википедия дан

Куу өрдөк — кытай-калмактардын укмуштуу кароолчу жандыктарынын бири. Укмуштуу К. ө. «Манас» эпосунда мындайча сүрөттөлөт:

Жел учса кабар берүүчү,

Жез канаттуу Куу өрдөк.

Абаргер деген көлүнө

Суук-Капчыгай төрүнө

Муну кароол койду дейт.

Кабылан төрө Манастын

Келе турган жерине (Саякбай Каралаев, 1. 165).

Кытай чегин кайтарып турган, кишиден кыйын акылы бар. К. ө-тү сыр билгизбей жеңүү аракети жан-жаныбарлардын куулук-шумдугун, тилин, сырын билген айлакер Алмамбеттин да колунан келбейт. «Чоң казат» эпизодунда кыргыз колунун Чоң Бээжинге каршы аттанып келе жатканын алдын ала билип Коңурбайга кабарлаган да ушул К. ө. болот. Амалкөй К. ө-түн терс мүнөзү байыркы доорлордогу канаттуу кабарчы өрдөк жөнүндөгү элдик түшүнүк эпостун кийинки өнүгүш этабында эпикалык душман өкүлүнүн куралына айландырылып, жоо тараптын сыйкырдуу жардамчыларынын милдетин аткарып, кызмат кылышы менен мүнөздөлөт. Эпикалык өрдөктүн образы өзүнүн алгачкы үлгүсүндө терс мүнөздө элестетилбейт. Анткени, байыркы доорлордогу катташып башкы каармандын оор абалын бүлөсүнө, элине билдирген «көгүчкөн катчы» жана башкалар канаттуу кабарчылардын жагымдуу элесте сыпатталгандай эле өрдөк да оң маанисиндеги элестерден, к. Канаттуу кабарчы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4