Кучияк Павел Васильевич

Википедия дан

Кучияк Павел Васильевич [5(17). 3. 1897, Тоолуу Алтай, Куюм кыштагы — 2. 7. 1943, ошол эле жер] — алтай акыны, драматург, фольклор жыйноочу, Алтай адабиятын негиздөөчү. Алтай тилиндеги биринчи пьесанын («Күрөш», 1932), биринчи поэманын («Арабачи», 1928, 1933-жылы жарыяланган, алтай аялдарынын оор турмушу жөнүндө) автору. Кучияктын чыгармаларынын негизги темасы — көчмөндөрдүн жашоо-турмушу, Алтайдагы жаңы турмуш, Граждандык жана Улуу Ата мекендик согуш. «Темир ат» аңгемеси (1933),«Чейнеш» (1938), «Өтпөйсүң», «Эки гвардиячы» (экөө тең 1941) пьесалары, Даабы Юдаков менен бирге жазылган «Алтай таңы сөгүлдү» (1934) поэмасы, «Азезил өрөөнү» (1939), «Аза ялан» (1940) повесттери, өмүр баяндык «Ысымы жок» романы (1943, бүтпөй калган) ж. б. чыгармалары бар. Элдик жомокчу Н. У. Улагашевди таап, андан алтай элдик поэзиясынын үлгүлөрүн жазып алып, орус тилине которгон. Алтай профессионал театрынын калыптанышында Кучияктын пьесаларынын мааниси чоң. Чыгармалары: Вечная любовь: стихи, повести, рассказы. Горно-Алтайск, 1997.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]