Кушбеги

Википедия дан

Кушбеги — Орто Азия хандыктарына тийиштүү бийлик мансабы. Болжол менен орто кылымдарда пайда болуп, алгач куш таптоо, аң уулоо сыяктуу хан көңүлүн ачуучу кесип болсо, бара-бара хандын жакын кеңешчиси (16—17-кылым.), кийинчерээк хандан кийинки увазирге тете кызмат (18—19-кылым) болуп калган. Бухара хандыгында Башкы кушбегине («Кушбеги-и-Калон») эки киши дайындалып, бири («Кушбеги-и-Боло») башкы министрдин даражасында, экинчиси («Кушбеги-и-Пойон») башкы зекетчинин милдетин аткарган. Кокон жана Чыгыш Түркстандагы кээ бир хандыктарда да кушбеги бийлик баскычындагы маанилүү кызмат орундарынан болуп эсептелген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]