Кушчубаев Саруубек Тынычбекович

Википедия дан

Кушчубаев Саруубек Тынычбекович (2. 6. 1970-ж. туулган, Фрунзе шаары) - мамлекеттик жетекчи кызматкер.

  • Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси (2003).
  • Кыргыз улуттук университетинин география(1996) жана юридика факультеттерин бүтүргөн (2007).
  • Эмгек жолун 1987-ж. Фрунзедеги кооперация техникумунда, Сокулук районундагы Шопоков шаарында «Торгмаш» заводунда (1988) жумушчу болуп баштаган.
  • 1988-90-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.
  • Кийин Сокулук районундагы Панфилов орто мектебинде мугалим (199295), Сокулуктагы жер боюнча борбордо 1-категориядагы адис (1995-96), ошол эле жерде Жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары башкармалыгында каттоо бөлүмүнүн башчысы (1996-98), Жер жана агрардык реформа борборунун директору (1998-2000), Жерди мамлекеттик каттоонун Чүй зоналдык борборунун Бишкек шаары боюнча директору (2000-02) болуп эмгектенген.
  • 2002-05-жылдары Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары.
  • 2005-08-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген.
  • 2008-09-жылдары Жайылрайондук агрардык реформа башкармалыгынын башчысы, 2010-жылдын башынан Москва райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары болуп иштеп келүүдө.
  • Кыймылсыз мүлктү баалоо жана мамлекеттик сатып алуунун (госзакупка) сертификаттарын алган (2003).
  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • Суусамыр элине кеңири белгилүү Кушчубаев Шейрендин небереси.
  • Темиржан уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9