Куш салуу

Википедия дан

Куш салуу — куш агытып, мергенчилик кылуу, аң уулоо; тапталган алгыр куштарды (бүркүт, ителги, шумкар, ылаачын ж. б.) аңчылыкта пайдалануу. Алгыр куштарды мүнүшкөр таптайт. Куш салуу өнөрү аңчылыктын эң барктуу түрү болгон. Куш салуу жөнүндөгү алгачкы маалымат 5—7-кылымдарга таандык. Кыргыз элиндеги ит агытып, куш салуу жана аңчылык кылуу өнөрү жаратылышка жана жанжаныбарларга аяр мамиле кылууга үйрөткөн жана аны чанда бир адам гана аркалай алган өтө кылдат кесип болгон. Кыргызда анын өзүнчө кесип катары өнүгүшү тарыхый, этнографиялык, археологиялык, тилдик фактылар, маалыматтар менен алат. Калгандары түлкүгө салынуучу бүркүттөр. Бүркүттөн кийинки кыргыздар өтө аздектеген куштардын бири — ителги. Кызыл чаар, көк чаар ителгилер тапка бат кирсе, айрымдары (кара шумкар) кара мүртөз келип, тапка көптө кирет. Ителгинин томогосу тартылганда эң оболу жер менен жер болуп жөнөп, он-он беш кадамдай калганда асманга октой түптүз атып чыгат. Илбээсинге төбөсүнөн тийип, тебет. Бир эле томого тартканда 15—17 тоодакты тээп түшүргөн шумкарлар бар. Куш салуу атайын кесипчилик жана улуттук спорт түрү катары кеңири белгилүү жана майрамдарда, салтанаттарда өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]