Куяң (радикулит)

Википедия дан
Радикулит

Куяң (радикулит) — четки нерв системасынын жүлүн дүмүрчөктөрүн жабыркатуучу оору. Көбүнчө катуу кармап, өнөкөт түрүнө өтөт. Дүмүрчөктөр сезгич (арткы дүмүрчөктөр) жана кыймылдаткыч (алдыңкы дүмүрчөктөр) нерв талчаларынан турат. Арткы дүмүрчөктөр жабыркаганда оорутат, алдыңкы дүмүрчөктөр жабыркаганда ал жабыркаган нерв жипчелер, нервдештирген булчуңдар бошоңдоп, кичиреет[1].
Куяңды көбүнчө остеохондроз — сөөктүн нерв дүмүрчөктөрү өтүүчү тешиктерди тарытуучу омуртканын оорусу пайда кылат. Ошондуктан чукул кыймыл жасоо, оор нерсе көтөрүү, травма, үшүп калуу жана башкаларда жүлүн дүмүрчөктөрү кысылып калуусу мүмкүн. Жабыркаган жерине жараша: бел-куймулчак, моюн, моюн-ийин жана көкүрөк куяңы болуп бөлүнөт. Бел куяңында (көп кездешет) бел катуу ооруйт (люмбаго же сайгылашат), такай ооруп жана булчуңдар жыйрылгандан ыңгайына карай (башкача айтканда оорутпагыдай) кыйшаят, бул омуртканын кыйшаюусуна жана оорунун күчөшүнө түрткү берет (ошондуктан врач түз тактайга жатууну сунуш кылат). Мындай куяңда куймулчак омурткасы да жабыркап, бел-куймулчак куяңына (же ишиас) өтөт да, жоон санга, шыйракка, бут кетменине берилет. Бейтап эңкейип же бир жагына кыйшайып басат. Моюн жана ийин куяңында көк желке моюн, далы, ийин ооруйт. Көкүрөк куяңы көкүрөктү оорутуп, терең дем алганда, жөтөлгөндө күчөйт.
Куяңды дарылоо үчүн анын себептерин жок кылуу керек. Ооруну басуучу каражаттар менен катар физиотерапиялык процедуралар, айыктыруучу гимнастика жана башка колдонулат. Жалаң оорутпоочу каражаттарды, жылуулук процедураларын жана башка колдонуу ооруну убактылуу гана басат. Куяңдын алдын алууда тиешелүү булчуңдарды чыңдоого арналган айыктыруучу гимнастика, физкультура жана спортко катышуу, организмди чыңдоо чоң мааниге ээ.

Үй шартында куяңды басаңдатуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

үй шартында бул учурда, ооруну басуучу дары өсүмдүктөрүн колдонуу керек. Радикулитке басаңдатуучу каражаттардан ар кандай майлар жана сүрүү, укалоо көрсөтүлгөн. Бир колго укалоо же сүрүү үчүн майды куюп же каражатты коюп, акырындан ооруп аткан жерди 10-20 мүнөт укалоо керек. Эгер абдан катуу ооруса, 5 мүнөт жетиштүү. ошондой эле колдо оору басаңдатуучу каражат калганын карап туруу керек, анткени кургак кол менен укалоо же сүрүү болбойт. Бул дарылоонун түрү бүткөн соң ооруган жерди жылуулап, суук өтпөгөндөй кылып ороп коюуу керек.[2]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Радикулит: себептери, симптомдору жана дарылоо
  2. Радикулит