Мазмунга өтүү

Ку-лихорадкасы

Википедия дан

Ку-лихорадкасы, Ку-калтыратмасы — калтыратма жана өпкөнүн жабыркашы менен коштолуучу катуу кармаган жугуштуу оору. Ку-лихорадкасын Бернет риккетсиясы (аны изилдеген австралиялык окумуштуу Ф. Бернеттин атынан) козгойт. Бул риккетсиялар кене, жапайы сүт эмүүчү жана куштарда мителик кылат. Малга кене жугузат. Мал (кой, уй, эчки) сүт, заара, заң ж. б. менен бөлүп чыгарат. Адамга булганган аба, чаң менен дем алганда, саман, чөптөн, сүт жана азыктар пайдаланганда жугат. Ылаңдаган малды сойгон, баккан жана вет. жардам көрсөткөн (айрыкча төлдөтүү учурунда) адамдарга жугушу мүмкүн. Оорунун жашыруун мезгили 4 жума. Оору капысынан башталып, 2 жумага чейин дене абдан ысыйт (39—40°), андан кийин температура төмөндөй баштайт. Баш, булчуң ооруйт, алы кетип, уйку качат. Кээде көңүл айнып, кусат, балдардын мурду канайт, өпкө жабыркап, кургак, кээде какырыктуу жөтөлөт. Дарылоо ооруканада антибиотиктер менен жүргүзүлөт. Алдын алууда ылаңдуу мал менен мал азыгын иштетүүчү өнөр жайда иштегендер жеке тазалыгын сактап, эмдөө зарыл.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]