Кхаси

Википедия дан

Кхаси — Түндүк-Чыгыш Индияда (Мегхалая, Ассам штаттары) жана Бангладештин коңшу аймактарында жашаган эл. Негизинен Кхаси жана Жайнтия тоолорунда жашайт. Саны Индияда 1,3 млн, андан ичкери Бангладеште 80 миң, Мегхалая штатында 1,25 млн киши (2009). Кхаси өз алдынча пнар же синтенг, бхои, вар, лингнам жана башка топторго бөлүнөт. Кхаси тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көбү протестанттар, башка дин туткандары да бар. Кхасиде уруу топтору аял жагынан болгон туугандыкка негизделип түзүлгөн, байыркы уруу коомунун саркындылары сакталып калган. Үй-бүлөдө аялдар үстөмдүк кылат. Үй мүлкү кичүү кызына мурасталат. Кхасилер дыйканчылык, тоо аймактарында канаттууларды багуучулук жана балчылык менен кесиптенишип, дубалы бамбуктан тургузулуп, ылай менен шыбалган, үстү саман менен жабылган үйлөрдө жашаган. Аялдар тигилбеген юбка жана күрмө же жамынма жамынып, башына металл таажы киет. Аялдар да, эркектер да кооздуктарды тагынышат. Эркектер көйнөк, күрмө жана ыштан кийип, башына селде оронушат. Тамак-ашы негизинен күрүч, эт, балык. Суусундук катары чай жана күрүчтөн даярдалган пивону кеңири колдонушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]