Кхмерлер

Википедия дан

Кхмерлер (өздөрүн кхмер же кхмаэ деп аташат) — эл, Камбожанын негизги калкы. Саны 13,4 млн киши (2008). Түндүк жана Түштүк-Чыгыш Таиландда (1,4 млн), Түштүк Вьетнамда (1,2 млн) жана Лаосто (5 миң), ошондой эле АКШда (189,5 миң) да жашашат. Кхмер тилинде сүйлөшөт. Дини— буддизм. Кхмер эли биздин замандын башында көп сандаган кхмер урууларынын индонезиялык уруулар менен аралашуусунан, коңшу өлкөлөрдүн (айрыкча Индия) мадабиятынын таасиринде калыптанган. Бирок тоолук Кхмерлер бул процесске дуушар болгон эмес. Кхмерлер түштүк монголоиддерге кирет, бирок аларда ведд-австралоиддик белгилер да бар. Кхмерлерде уруу топтору аял жагынан болгон туугандыкка негизделип түзүлгөн байыркы уруу коомунун саркындылары сакталып калган. Үй-бүлөдө аялдар үстөмдүк кылат. Кхмерлер дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишип, каркастуу, сваялуу үйлөрдө жашашкан. Салттык кийими саронг деп аталат. Кхмерлер (аял, эркек) чачтарын кыска кырктырышат. Тамак-ашы - негизинен күрүч, балык, майрам күндөрү эт, ошондой эле таш бака, чегиртке, бака.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]