Кхонд

Википедия дан

Кхонд (өздөрүн кхонд, куилока, куиенжа деп аташат) — Түндүк-Чыгыш Индиядагы дравид тобундагы эл. Саны 1,7 млн киши, андан ичкери 1,5 млну Орисса, 90 миңге жакыны Андхра-Прадеш штаттарында (2008), ошондой эле Бангладеште (4,8 миң) да жашашат. Негизинен ория жана куи, куви тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери — индуисттер. Кхонд үч топко бөлүнөт: түздүктөрдө жашаган десиялар; тоо этектеринде жашаган донгриялар жана тоолук кутиялар. Десиялар ория менен ассимиляцияланып, салттык мадабиятын жоготуп коюшкан. Кхонд дыйканчылык, балык уулоочулук жана аңчылык менен кесиптенишип, дубалы жыгачтан тургузулуп, үстү пальма жалбырактары менен жабылган үйлөрдө жашайт. Эркектер белине алды-арты жабылган, саймалуу белдемчи байланышат, аялдар саймалуу кездеме оронушуп, кооздуктарды тагынышат. Кхонд өсүмдүктөрдөн жасалган тамак-ашты көбүрөөк колдонушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]