Мазмунга өтүү

Кыдырали, Дархан Куандыкулы

Википедия дан

Дархан Куандыкулы Кыдырали (16-апрель, 1974-жыл, Түлкибас району, Түркстан облусу) — казак аалымы, публицист, коомдук-мамлекеттик ишмер, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2020), Казакстан Республикасынын Президентинин массалык маалымат каражаттары тармагындагы сыйлыгынын лауреаты (2020), Эл аралык Түрк академиясынын президенти (2014-жылдан) жана «Эгемен Казакстан» республикалык газетасы» акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы (2016-жылдан). Нур Отан партиясынын Саясий кеңеш бюросунун мүчөсү. Казакстан Республикасынын Президентинин буйругу менен II класстагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу өкүлү дипломатиялык даражасы ыйгарылган.

өмүр баяны

Дархан Кыдырали 1974-жылы, 14-апрелде Түркстан облусуна караштуу Түлкибас районунда жарык дүйнөгө келген. Аль-Фараби ат. Казак Улуттук университетинде (1991-1992-жж.) жана Түркиядагы Мармара (1992-1996-жж.), Докуз Ейлүл (1996-1997-жж.), Эгей (1997-1998-жж.), Стамбул (1998-2001-жж.) университеттеринде билим алган. Эгей университетинде магистратурасын бүтүргөн. Стамбул Университетинде доктордук диссертациясын коргоп, тарых доктору (PhD) илимий даражасын алган (2001-ж.). Абай ат. Казак Улуттук педагогикалык университетинде докторлук диссертациясын жактап, тарых илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгон (2010-ж.). Нур-Султандагы Л.Н. Гумилев ат. Евразия Улуттук университетинин, Кыргызстандагы Ош Мамлекеттик университетинин ардактуу профессору. Эл аралык Ч. Айтматов академиясынын академиги. Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу доктору (2016-ж.), Монголия Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу доктору (2017-ж.).


Эмгек жолу

2001-2005 ж. К. А. Йесеви ат. Эл аралык казак-түрк университетинде улук илимий кызматкер, илимий катчы, кафедра башчысы, аппарат жетекчиси, жетектөөчү илимий кызматкер.

2005-2006 ж. Л.Н. Гумилев ат. Евразия Улуттук университетинде доцент, улук илимий кызматкер.

2006-2007 ж. Казакстан Республикасы Президенттик Маданият борборунун директорунун орун басары.

2007-2008 ж. Казакстан Республикасынын Билим жана илим министрлигинде Министрдин кеңешчиси.

2008-2009 ж. Казакстан Республикасынын Президентинин Аппаратында эксперт, сектор башчысы.

2009-2012-жылдар арасында жылдар арасында Казакстан Республикасынын Президентинин Басма-сөз катчысынын орунбасары болгон.

2012-2014-жылдары Түрк Кеңешинин Баш катчысынын орун басары кызматын аркалаган.

2014-жылдан баштап, Эл аралык Түрк академиясынын президенти.

2015-жылдын 29-июнунан тартып, Түрк дүйнөсү Улуттук илимдер академиясы биримдигинин Катчылыгынын башчысы, бул биримдиктин уюштуруучусу.

2015-жылы ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында "Коркут мурасы жана Түрк дүйнөсү" аттуу эл аралык маданий иш-чараны, 2016-жылы Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында "2030 Стратегиясы үчүн Жибек Жолу боюндагы жаңы синергия" аттуу эл аралык симпозиумду жана 2018-жылы "Руханий жаңыруу жана маданий мурас: өтмүштөн келечекке түрк тили" деген эл аралык маданий иш-чаралардын уюштуруучусу.

2016-жылдын июль айынан баштап ""Эгемен Казакстан" республикалык газетасы" акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы.

2018-жылдын сентябрь айында Эл аралык Түрк академиясынын президенти кызматына экинчи мөөнөткө дайындалган.


Коомдук-саясий кызматтары

  • Нур-Отан саясий партиясынын алдындагы Мирас республикалык коомдук кеңешинин Төрагасынын орун басары
  • Казакстан Республикасынын Мамлекеттик сыйлык ыйгаруу комиссиясынын мүчөсү
  • Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин Коомдук кеңешинин төрагасы
  • Казакстан Жазуучулар биримдигинин Башкаруу кеңешинин мүчөсү
  • Л.Н. Гумилев ат. Евразия Улуттук университетинДиректорлор кеңешинин мүчөсү
  • Саясий репрессия курмандыктарын актоо комиссиясынын мүчөсү


Үй-бүлөсү

Үй-бүлөөлүү. Төрт уулу, бир кызы бар.


Илимий эмгектери

  • Мұстафа Шоқай. Анкара, 2001 ж.,
  • Тараз тарихы. Тараз, 2005 ж.,
  • Түрік халықтары әдебиеті тарихы, (жамааттык жыйнак) Түркістан, 2005 ж.,
  • Тарпаңды таңдап міндім тағалап. Тараз, 2005 ж.,
  • Жүрегіне қаламын сүйеген. Астана, 2007 ж.,
  • Мұстафа Шоқай, Астана, 2007 ж.,
  • Қазақ ұлт-азаттық қозғалысы. Ұлық Түркістан. Астана, 2008.,
  • Қазақ ұлт-азаттық қозғалысы. Тұтас Түркістан идеясы. Астана, 2008.,
  • Ұлық Түркістан, Астана, 2008.,
  • Атымды адам қойған соң... Астана, 2008 ж.,
  • Жерұйық. Астана, 2009 ж.
  • Әлемдік тұлға. Астана, 2010 ж.
  • Мұстафа. Астана, 2012 ж.
  • «Мәңгі тас», Алматы, «Ғылым» баспасы, 2015 ж.
  • «Ұлы дала тарихы», Алматы, «Ғылым» баспасы, 2018 ж.
  • «Орток түрк тарыхы» (8-класс), Баку, Нұр-Сұлтан, 2019 ж.


Сыйлыктары

  • Дарын мамлекеттик жаштар сыйлыгы (2008-ж.).
  • Казакстан Республикасынын Президентинин алкыш каты (2010-ж.)
  • "Казакстан Республикасынын Эгемендигине – 20 жыл" медалы (2011-ж.)
  • Түркология жаатындагы жетишкендиктери үчүн Күл Тегин сыйлыгы (2014-ж.).
  • "Түрк дүйнөсүнө кызмат" сыйлыгы (2015-ж.).
  • Түрк дүйнөсүнүн "Кызыл алма" сыйлыгы (2015-ж.).
  • "Жаңы Түркия" стратегиялык изилдөө борборунун "Түрк тарыхы менен маданиятына кызмат" Алтын медалы (2015-ж.).
  • "Казакстан Элдер Ассамблеясына 20 жыл" маарекелик медалы (2015-ж.).
  • КМШ Парлементтер Асссамблеясынын Кеңешинин "Басма сөз жана маалыматты өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн" белгиси (2016-ж.).
  • "Жибек Жолу" стратегиялык изилдөө борбору менен "Жибек Жолу" журналы тарабынан берилген эл аралык "Жыл адамы" сыйлыгы (2017-ж.)
  • Венгриянын "Офицердик крест" ордени (2017).
  • «Маалымат тармагынын мыктысы» төш белгиси (2017).
  • "Казакстан Республикасынын дипломатиялык кызматына 25 жыл" маарекелик медалы (2017)
  • Азербайжандын "Достук" ордени (2018).
  • Түлкибас районунун ардактуу атуулу (2018)
  • Астана (Нур-Султан) шаарынын 20 жылдык маарекелик медалы (2018)
  • "Парасат" ордени (2018)
  • Казакстан Элдер Ассамблеясын «Бiрлiк» алтын медалы (2019)
  • Казакстан Республикасынын Президентинин алкышы (2019)
  • Казакстан Республикасынын Президентинин массалык маалымат каражаттары тармагындагы сыйлыгы (2020)
  • "Казакстан Конституциясына 25 жыл" маарекелик медалы (2020)
  • Монголиянын "Алтын Жылдыз" ордени (2021)