Кыдырбаева Гүлсайра

Википедия дан

Кыдырбаева Гүлсайра (11. 1. 1947, Суусамыр кыштагы -1997, ошол эле жер) - агартуучу, жетекчи кызматкер.

В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн (1971). Эмгек жолун 1971-ж. Суусамырдагы 8-Март орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1971-76-жылдары мугалим, 1977-жылдан окуутарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген. Бир нече грамоталар ж. б. сыйлыктар менен сыйланган.

Токтогон уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9