Кыдыршаев Медербек

Википедия дан
Медербек Кыдыршаев
Обончу Медербек Кыдыршаев.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Медербек Кыдыршаев
Туулган жылы: 1962-жыл 18-баш оона айы
Туулган жери: Ош облусу, Өзгөн району, Мырзаке айылы
Кайтыш болгон жылы: 2004-жыл 7-үчтүн айы
Коюлган жери: Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Кесиби: Ырчы, обончу, радиодо музыкалык редактор, театралдык ишмер, мугалим
Жанр: Поп, романс, хор
Альма-матер: Москва мамлекеттик маданият институтунун хор дирижеру факультети
Аспаптар: Вокал, гитара, фортепиано
Ишмердүүлүк жылдары: 1990-2003

Медербек Кыдыршаев (тегаты басма сөздө кээде Кадыршаев деп да ката жазылып жүрөт) – (18.8.1962 – 07.1.2004) – кыргызстандык белгилүү ырчы, обончу. 1990-жж башында ырчылык карьерасын Кыргыз телерадиосунда музыкалык редактор болуп ишке орношуу менен баштаган. Гитарада өтө чеберчилик менен кол ойнотуп, кооз тембрлүү, калыпка салынган уккулуктуу үнүн коштой көптөгөн шлягер ырларды аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган.

Өмүр-таржымалы, билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Медербек 1962-жылдын 18-августунда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында карапайым үй-бүлөдө алты бир-туугандын бешинчиси болуп жарык дүйнөгө келген.

Оштогу музыкалык окуу жайын бүтүрүп, андан соң Москва мамлекеттик маданият институтунун хор дирижеру факультетинде билим алган...

Ошол жакта окуп жүргөндө хор коллективи жана атактуу артисттер менен Советтер Биримдигин кыдырып, концерттерге катышкан.

Медербектин эжеси Клара Кыдыршаеванын эскерүүсүнөн:

- Арык, назик, жоош бала болуп чоңойду... Сүт тиштеринин нервдерине доо кетип, ордуна тиш чыкпай калган. Аны аяп, аяр мамиле жасап, баарыбыз жакшы көрчүбүз. Куйкум сөздөрдү айтып, бизди күлдүрүп, үйдү шаңга бөлөчү. Куудулдук жагы бар эле. Ошондон улам, атам "ушу сен кийин артист болот окшойсуң" деп күлүп койчу. Мектепте окуп жүргөндө эле гитарага кызыгып, аны бат эле өздөштүрүп алган... Жайында балконго чыгып, кышында ашканага кирип, гитаранын кылдарын кыңылдатып ырдап олтуруп, ыр жаратып калаар эле... Москвада орусча окуп калгандыктан, ойлогондорун кагазга орусча түшүрөөр эле, а мен аны таң атканча олтуруп, кыргызча которуп берчүмүн.

Музыкалык эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Медербек 1990-ж Бишкекке, андагы Фрунзеге келип, ошол кездеги Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясынын башкы редактору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун төрагасы, композитор Турдубек Чокиевдин кол алдына редакторлук кызмат менен алгачкы эмгек жолун баштаган. Анын эскерүүлөрүнөн:

- Менин кабинетимде турган пианиного олтура калып ырдап калчу. Үнү таза, тарбия алган, вокалдык таалими бар экени көрүнүп турчу. Биздин редакция менен кызматташып, көп келип жүргөн обончу жана комузчу Эсенбек Сасыбаев бир күнү эле Медербектин ырдап олтурганын угуп калып: "Сонун үнү бар экен, бир ырымды ырдатам" деп калды. Алгачкы "Дале жүрөм" деген ыр ошентип эфирге чыгып, а түгүл пластинкага да жазылып кетти.Медербектин ырчылык дареметине кызыккандар көбөйө берди.

КРнын эмгек сиңирген артисти, обончу, ырчы А. Чикеев менен радионун хорунда чогуу иштеген.

Ырдын багы — анын аткаруучусуна байланыштуу экени маалым. Анын сыңары, Аваз Чикеевдин көзүнүн карегиндей сактаган бир ырын Медербекке ыйгарат. Бул ырдын сөзү Гүлжамила Абдылдаеванын калемине таандык «Ойлойсуңбу?» деген ыр эле.

Дал ушул ыр менен Медер кыргыз музыка дүйнөсүндө популярдуулукка жетишти. «Ойлойсуңбу?» чыныгы жашоого ээ болот. Анын керемет үнүн уккандар: «Үн ушунчалык калыпка салыныптыр», деп тамшанып калышар эле.

Анын репертуары кеңейип, обончу Тобокел Кашкарбаев менен Кыялбек Урманбетовдун калеминен чыккан «Аманат» деген айтылуу ыры обого жаңырды. Андан соң Т.Чокиевдин «Сен өчпөдүң сезимден» (сөзү К.Урманбетов), «Курбулар» (сөзү А.Нышанов), «Тамаша кечеси» (сөзү С.Медербеков) аттуу ырларын, Кадыралы Артыковдун «Кыялдануусун» (сөзү А.Чойбекова) ырдап чыккан.

Медербек гитарадан сырткары эстрадалык ансамблдин жана да симфониялык оркестрдин коштоосунда да ырдап көрдү.

Москвадан тарбия-таалим алып калгандыктан, анын үнүн жактырган СССРдин эл артисти, дирижер А. Жумакматов чакырып, Ч. Сатаевдин "Жаз жамгыры" аттуу ырын фондго жаздырган. Элдин калың катмарына тараган популярдуу «Айсулуу», «Астра гүлү» сыяктуу ырларды аткарган. 1990-1995-жылдар Медербек Кадыршаевдин чыгармачылыгынын гүлдөп турган маалы болгон.


1995-ж тарта Медербек Чүй облусунун Шаршен атындагы куудулдар театрында иштей баштаган. Ошол кездеги кесиптеши Атайбек Бөдөшевдин эскерүүсүнөн:


- Мен музыка бөлүмүнүн башчысы элем, андыктан облусту кыдырып, чогуу көп гастролдоп калдык. Чүйдө орус тилдүү калк басымдуулук кылат эмеспи. Мына ушундай көп улуттуу көрүүчүлөрдүн арасында Медердин күнү туучу. Орусча романстарды созолонткондо кол чаап эле жатып калышчу. Беш-алты жолу ырдамайынча сахнадан кетиришчү эмес. Деги эле мен кыргыз ырчыларынын арасынан орус ырларын Медердей таза ырдаган ырчыларды кезиктире элекмин. А бирок, Медердин ошол орусча аткарган ырларынын эч жерде сакталбай калышы өкүнүчтүү. Башка өнөрү бир тең, бул өнөрү бир тең болчу. Анан калса, анын ырдаган ырларынын баары терең мазмундуу келип, оригиналдуу үнүнө жарашып турчу. Өзү да чыгармачылыкка өтө жоопкерчилик менен караган талант эле.

Бир кезде мукам үндүү ырчы менен чогуу иштеп калган Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиев Кыдыршаевдин чыгармачылыгы тууралуу мындайча эскерди:

"Бир жолку сахнага чыкканын айтып берейин. Экөөбүз ээрчишип жүргөнбүз. Ал кайсы бир концерттин ортосунда эки ыр ырдамак. Кыдыршаев сахнага чыкты. Мен бери жакта күтүп турам. Себеби экөөбүз андан кийин да бир жакка кетмекпиз. Медер аке чыгып эки ыр ырдады. Аябай мыкты аткарды. Мен жан дүйнөм титиреп уктум. Эл дуулдата колдоду. Көрүүчүлөр бир топко чейин кетирбей кол чаап туруп алды. Анан үчүнчү ыр ырдалды. Күйөрмандар дагы деле сахнадан кетирбей жатышты. Бирок, кетиш керек эле. Себеби башка ырчылар ашып кетсе экиден ыр аткарып жатышкан.

Ошондо Кыдыршаевдин сахнадан чыгып келаткан абалы таптакыр башкача экенин көрдүм. Гитарасын кармап шашпай басып келип чекесиндеги терди аарчыды. Көздөрүнөн мончоктоп жаш куюлуп жатыптыр. Анын ушул элеси такыр эсимден кетпей калды. Көрсө ал ар бир ырын сахнада ыйлап аткарат экен". [1]

Үй-бүлөсү, жашоодогу өзгөрүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи жубайы Гулбарчын. Ал экөөнүн Абдысамат (1991), Алик (1994) аттуу уулдары бар жана алар апасынын тарбиялоосунда.

Ырчынын жакындарынын айтымында, болжолу, турмуштун өйдө-ылдыйынан, чыгармачылыктагы кризис, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктер, ичимдик сыяктуу себептерден улам, көңүл чөгүүгө кабылып, үй-бүлө оту өчүп калган.

Өмүрүнүн акыркы жылында Өзгөндөгү музыкалык мектепте мугалимдик кесипте эмгектенүү менен балдар хорун уюштуруп, облустук конкурста байгелүү 1-орунду ээлегенге жетишкен.

Бул анын толук ачылбай калган ырчылык мүмкүнчүлүгүнүн экинчи деми башталып калганынан кабар берген.

Кийинки жубайы Фаридага өзү туулуп өскөн айылында үйлөнүп, жаңы жашоону жаңы дем менен, жаңы ак ниеттер менен баштоого киришкен эле.

Жети айдан кийин, тилекке каршы, 2004-жылы 7-январда 41 жаш курагында катуу оорудан кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Мурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Жалгыз обон", "Уйкусуз гитара", "Сага", "Кечки троллейбус" сыяктуу ырларынын сөзүн да, обонун да чыгарып, бирок сахнага алып чыкканга үлгүрбөй калган.

Жарынан ажырап калган Фарида "Жүрөгүмдү ырларың менен дарылайм", "Акыркы коштошуу", "Сүйүүмдү ала кеттиң келбес жакка" деген армандуу ырларды жараткан.

Клара Кыдыршаева инисинин басып-өткөн жолу, чыгармачылыгы туурасында даректүү көркөм чыгарманын үстүндө эмгектенип келет.

Медербек Кадыршаевдин жаркын элесине арналган эч бир кече, чара өткөрүлө элек.

Ошентсе да, берилген күйөрмандардын, досторунун, тааныштарынын, туугандарынын жүрөгүндө жанып өткөн жарык жылдыздын изи, мукам добушу түбөлүккө кала берет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

М.Кадыршаевдин ырлары Улуу мурас уюткусу (Казына) сайтында
• Аманат
• Ойлойсуңбу?
• Туулган күн

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Бишкек таймс” Коомдук-саясый гезити, №30, 30.09.05-ж.
  • Интернет-форум выпускников МГИК 1988 г.
  • “Бишкек таймс” Коомдук-саясый гезити, №30, 30.09.05-ж.
  • “Кыргыз Туусу” газетасы, №62, 19.08.08-ж.
  • “Кыргыз Туусу” газетасы, №62, 19.08.08-ж.
  • “Обон” газетасы, 30.11.2010-ж.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_music_on_late_composer_mederbek_kydyrshaev/28683429.html?nocache=1