Кызарт

Википедия дан

Кызарттопоним. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча кыргыздар Алтайдан көчүп келаткан жолдо калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: «Абалкы аты Ара-Бел Кыяматтын журтуна Кызарт аттуу бел болду» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 561-б.),— деп калмактын Катыраң аяр кызы кыргыз колун апсун окуп сыйкырлап, алакетке салат, аягында жеңилип, өзү өлөт. Ошол кыздан улам К. аталган имиш. Географиялык реалияда Ала-Тоодогу Жумгал менен Кочкор райондорунун ортосундагы ашуу, тоо, суу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4