Кызга карата тыюулар

Википедия дан

Кызга карата тыюулар. Кыздын тарбиясынын жооптуулугу артыкча болгон. Анын башкага бүлө болуп кетиши дайыма көңүлгө тутулган. Начар тарбия алган кыз күйөөгө барса ата – энесин гана эмес, бүт айылын, уруусун сөзгө калтырган. Андыктан кыздын кылык – жоругун, баскан – турганын үй – бүлөсүндөгүлөрдөн сырткары тууган – уругу да тескеген. “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген макал ошол себептүү чыккан. Кызды жаштайынан үй тиричилигине үйрөтүп, адептүүлүккө, тыкандыкка, тазалыкка тарбиялаган. Күн чыкканга чейин уктаган адамдын ырыскысы кем болот деп, кызды эрте тургузуп үйрөткөн.

Таң жылдызы бар маалда ырыскыңды тилеп кал деген. Таң саардан короону шыпырса, “жүзүң мендей таза болсун” деп шыпырылган жер батасын берет экен. “Кыздуу үйдө кыл жатпайт” деп үйдүн тазалыгына кыз жооп берген. Кечинде үй шыпырбайт, жин – шайтан уялап албаш үчүн шыпырындыны үйгө түнөтпөйт. Казанга салып идиш – аяк жуубаган, аларды калдыр – шалдыр добушу жок жууп, идиш – аяк кагышса үйдөн ырыскы качат деп үйрөткөн. Казанды жууган соң жугундуну казан менен төкпөйт, антсе ырыскыны казаны менен төгүп салганга барабар болот экен. Кыз бала оокат жасап жатып тамагын утуру сузуп жеп турса казандын түбү тешилгиче турмушка чыкпайт деп зекиген. Тамак жасап жатып аралаштырган соң, кепкирди казанга какпа, казанды какса ырыскы качат.

Казанга чөмүч менен кепкирди чогуу салып койбо, күндөштүү болуп каласын деген. Түнү идиштерди жуксуз калтырып болбойт. Себеби алар таң атканча Меккеге барып дуба алып келишет экен. Эгерде жуулбай калса, кирмин деп уялып, бата албай калат деген ишеним бар. Кыз бала кара кийим кийбеген, чачын жайып жүрбөгөн, булар аза күтүүнүн белгиси катары каралган. Кыз кезинде кашын терсе атасына берген ашы арам болот, ал эми турмушка чыккандан кийин кийин тербесе, күйөөсүнө берген ашы арам болот деп коюшкан. Кашына осмо койгондо, ортосун сөзсүз бириктирип коюу керек, антсе ата – энесинин өмүрү узун болот экен. Кыз бала эркек кишиге тике карабайт, бирөөнүн көзүнчө керилип – чоюлбайт, керилгени эрге тийгиси келгендигинин белгиси деп тыйган. Эркек адамдын алдынан өтпөйт, эркектин жолу буулуп калат, кыз киши эркек баланы теппейт деген тыюулар бузулбай сакталган. Уул баланын кийимин, ошондой эле күйөөсү бар келиндин кийимин да кыздар кийбеген. Кыздын отуруп – турганы, тамак ичкени, мейманга чай сунганы, бирөөлөр менен саламдашканы, сүйлөгөнү, күлгөнү баары көзөмөлдө болгон. Мындай көзөмөл кыздын адептүү өсүшүнө, жакшы жар, эне болушуна көрүлгөн камкордук катары гана каралган.

Мына ошентип, элибиз өзүнүн жашоо шартына, диний ишенимине, дүйнө таануусуна ылайык көптөгөн тыюуларды иштеп чыгып, өз балдарын алардын негизинде тарбиялап келген. Бирок аларды балдардын ар бир аракетин, кыймылын тыйып – кысып турган күч катары түшүнүү туура эмес. Балдар тыюуларды кадыресе күндөлүк турмушунда эле ата – энесинен же улуулардан угуп, аларды эскертүү катары бир укканда эле көңүлгө түйүп алышкан да, аларды күн сайын кайталап туруунун зарылдыгы болгон эмес. Айрым тыюулар балдар эр жетип, чоңдордун катарына кошулгандан кийин деле табу катары өз күчүн жоготпой сактап кала берген. Тыюулардын бүтүндөй жыйыны элибиздин маданиятына, этикетине айланган. Далайларынан баштапкы жаралуу себеби унутулуп, жаңы мааниге өтүп кеткен. Андыктан бул маселе көңүлгө алынып, илимий баа берилчү күндөр алыс эмес деген ишеничтебиз.

• Кыз бала токкон күлдүн үстүн баспайт.
• Кыз бала эл барда казан-аякты калдыратпайт.
• Кыз бала эл барда чачын тарабайт.
• Кыз бала эркек кишиге тике карабайт.
• Кыз бала бойрок, шыйрак жебейт.
• Кыз бала томук мүлжүбойт, анткени томаяк отот.
• Кыз бала кызьш өңгөч жебейт, жесе куйоого себи жок кетет.
• Кыз бала улуулардын жолун кесип отпойт.
• Кыз бала улууларга соорусун салбайт.
• Кыз бала эркек баланы теппейт.
• Кыз бала кашын тербейт, турмушка чыкканда жеңелери терип берет.
• Кыз бала бутун учкаштырып отурбайт.
• Кыз бала талтайып отурбайт, чалкасынан жатпайт.
• Кыз бала чачын жайбай жүрүшү керек (бул аза күтүүнүн белгиси).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.Мурзакметов “Кыргыз ырым жырымдары” -Ош-2005 - ISBN 9967-08-112-0
Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.


Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]