Кызгылт түстүү пантера 2

Википедия дан

"Кызгылт түстүү пантера 2" (англ. The Pink Panther 2) – режиссер Харальд Зварттын 2009-жылы жарыкка чыккан америкалык күлкүлүү окуялуу тасмасы. Бул тасма "Кызгылт түстүү пантера" тасма серияларынын он биринчи чыгарылышы жана белгилүү "Кызгылт түстүү пантера" үчилтигин башынан баштаган 2006-жылы жарыкка чыккан күлкүлүү окуялуу тасманын уландысы. Тасма 2009-жылы 6-февралда Түндүк Америкада жарыкка чыккан. Тасмада инспектор Клузо башка мамлекеттердин детективтери менен биригип он жыл бою кылмыштуу аракетсиздикте болгон Торнадо аттуу талкалоочу уурунуну кыйратышы керек.

Эң башында Питер Селлерске таандык болгон Клузонун ролун аткарган Стив Мартин Скотт Нүстадтер менен Майкл Вебер жазган түп нуска сценарийин 2006-жылдын ноябрында кайрадан түздөп чыккан. MGM тасманын уландысында Columbia Pictures менен бирге иштеп, 2007-жылдын январында Лауэлл Ганц менен Бабалу Манделди сценарий жазууга чакырган.Тасма тартуусу 2007-жылдын августунда Парижде башталган, бир канча жумадан кийин тартуулар Бостондо башталган, ушуну менен тасма тартуулары 2007-жылдын 2-ноябрында аяктаган.

Болливуддун актрисасы жана "Дүйнө сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү Айшвария Рай Баччан тасмада криминология серепчиси Соня Соландр ролун аткарган. Жон Клиз Кевин Клайндын ордуна келип, башкы инспектор Дрейфустун ролун аткарган, аны менен кошо Жан Рено (Клузонун партнеру Понтон) жана Эмили Мортимер (Клузонун досу Николь) мурунку ролдорун аткарган. Бейонсе тасмада тартылуусун уланткан жок. Энди Гарсия (италиялык инспектору Винченцо Бранкалеоне), Юки Мацудзаки (жапон инспектору Кени Мазуто) жана Альфред Молина (британиялык инспектору Рэндалл Пеппериж) жардамчы актерлор катары тартылган. Тасманыны Blu-ray Disc DVD версиялары 2009-жылдын 23-июнунда чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]