Кызылгат

Википедия дан

Кызылгат, кызыл бүлдүркөн (Rubus saxatilis) — өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп. Сабагы көбүнчө тикенектүү, бийиктиги 30 смдей, жалбырагы үч ача, түктүү, гүлү ак. Мөмөсү сыңар же топтошуп (2-6 кызыл мөмө) чыгат. Евразиянын көлөкөлүү токойлорунда, бадал арасында өсөт. Кыргызстанда кездешет. Мөмөсү жегиликтүү келип, андан кыям, пастила, суусундук даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]