Кызылдар

Википедия дан

Кызылдар – хакастардын курамындагы этностук топ. Енисей кыргыздарынын урпактары. Өздөрүнүн тегин сагайлар менен бир элбиз деп карашып, түпкү бабасы болмуштуу Хызылах экенин белгилешет. Хызыл уруусунун энчилүү аты алардын ата-бабаларынын антропологиялык тибине байланыштуу жаралган. Хакас санжыраларындагы маалыматтар боюнча Кызылдардын бабалары сары чачтуу болгон имиш. Кызылдар 18-кылымда кыргыз өлкөсүнүн Алтысар улусуна кирген. Кызылдардын курамындагы «пуга» уругунун келип чыгышы кыргыздардагы бугу уруусунун тотемдик ыйык жаныбары Бугу-Эне уламышын эске түшүрөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]