Кызыл-Токой глауконит кени

Википедия дан
Кызылтокой глауконит кени‎»‎ барагынан багытталды)

Кызыл-Токой глауконит кени - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Эчкилүү тоосунун түндүгүндө, Сумсар шаарчасынан 20 км түндүк тарапта, деңиз деңгээли 1200 м бийикте. Олигоцен мезгилиндеги чополуу катмарлардан калыңдыгы 2,5-3 мден 10 мге жеткен жашыл, мала кызыл түстөгү глаукониттүү кумдук кабаты табылган. Кабат участканын өзүндө 2,5 кмге, участкадан тышкары 15,5 кмге созулуп жатат. Өлчөмү 0,2-2,3 мм глауконит бүртүкчөлөрү кумдуктагы чополуу цементте 20-80%ти түзөт. Болжолдуу ресурсу 2 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]