Кызыл-Агын мөңгүсү
Көрүнүш
Кызыл-Агын мөңгүсү — Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,2 км, аянты 3,8 км2, көлөмү 0,1 км3. Кызыл-Суунун сол куймасы — Кызыл-Агын суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээли 5300 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4300 м, абляциясынын аянты 1,3 км2. Мөңгүдөн Кызыл-Агын суусунун сол куймасы башталат.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9