Кызыл-Байрак, Сузак району

Википедия дан

Кызыл-Байрак, Сузак району (мурда Бостон, кийинчерээк Гүлстан деп да аталган) — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээли 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 14 км түндүк-чыгыш тарапта. ЖалалАбад темир жол бекетинен 9 км. Кыштак 1880-ж. негизделген. Калкы 1163 (2009); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто жана мектеп-интернат, бала бакча, ФАП бар. 1930-ж. уюшулган «Кызыл-Байрак» колхозунун атынан аталып калган. Учурда кайрадан Бостон деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]